Бүткүл Дүйнөлүк каражат күнүнө карата «Салым Финанс» МФК «QUIZ- 2022» интеллектуалдык-логикалык оюнун өткөрдү - «Салым Финанс» МФК
Окт. 21, 2022

Бүткүл Дүйнөлүк каражат күнүнө карата «Салым Финанс» МФК «QUIZ- 2022» интеллектуалдык-логикалык оюнун өткөрдү

«QUIZ- 2022» интеллектуалдык-логикалык оюну экономикалык багыттагы ЖОЖдордун студенттеринин арасында болуп өттү. 

Иш-чаранын негизги максаты – студенттердин арасында финансылык сабаттуулукту жогорулатуу, аларга топтоо жана инвестициялоо маданиятын сиңирип, аларды өздөрүнүн финансылык келечеги жөнүндө бүгүнтөн баштап ойлонууга мажбурлоо.

Квиз оюн динамикалуу форматта өттү, студенттер суроолорго кызыгуу менен жооп беришти. Бардыгы 5 адамдан турган 4 команда болду.

Ж. Баласагын атындагы КУУнин командасы биринчи орунду, М. Рыскулов атындагы КЭУнин командасы экинчи орунду, А. Токтоналиев атындагы Финансы-техника колледжинин командасы үчүнчү орунду жана БФЭАнын студенттери төртүнчү орунду ээлешти.

Иш-чаранын жыйынтыктары боюнча «QUIZ- 2022» оюнунун бардык катышуучулары эстеликке белектерди алышты.