Компаниянын 15 жылдык мааракесине карата 2022-жылдын 22-23-октябрында мини-футбол боюнча кубок Салым Финанс – 2022 турнирин өткөрдү.
Бул иш-чаранын негизги максаты - корпоративдик баалуулуктарды жайылтуу, Компаниянын маданиятын жана командалык рухун жогорулатуу.
Төмөнкү турнирде 6 команда катышты:
🔹«Головной офис» командасы;
🔹«Центр» командасы;
🔹«Юридическое управление» командасы;
🔹«Восток» командасы;
🔹"Запад" командасы;
🔹«Юг» командасы.
Эки күнгө созулган турнирдин жыйынтыгында 1-орунду «Центр» командасы, 2-орунду
«Юридическое управление», үчүнчү орунду «Восток» командасы ээледи.
Турнирде кесиптештер активдүү колдоо көрсөтүп, командаларга чоң мотивация берилди, компаниянын коллективи ынтымак-таштыкты мына ушундай иш-чарада көрсөтүлдү.