КРУБнын кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн куралдуу кагылыштан жабыр тарткандарды колдоо жөнүндө токтом - «Салым Финанс» МФК
Окт. 11, 2022

КРУБнын кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн куралдуу кагылыштан жабыр тарткандарды колдоо жөнүндө токтом

2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн куралдуу кагылыштын натыйжасында жабыр тарткан кардарларга колдоо көрсөтүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын №2022-П-12/62-2 (ЧУА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылыштын натыйжасында жабыр тарткан коммерциялык банктардын, банктык эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарынын кардарларына колдоо көрсөтүү маселелери боюнча айрым чечимдери жөнүндө» Токтомун ишке ашыруу максатында, «Салым Финанс» МФК ААК ошол кагылыштын натыйжасында жабыр тарткан кардарлардан кайрылууларды кароого даяр.

Кеңеш берүүнү «Салым Финанс» МФК ААКнун сиз кардары болуп саналган тиешелүү бөлүмдөрүнөн ала аласыз.