«Салым Финанс» МФК ААК облигациялардын алтынчы чыгарылышын төлөп кутулат
Урматтуу кардарлар, Энчилүү пайыздык облигациялардын эмиссиясы проспектине ылайык төлөп кутулуу күнү келгенине байланыштуу, облигациялардын алтынчы чыгарылышын төлөп кутулуу башталганы жөнүндө билдиребиз:
•    Баалуу кагаздардын түрү – энчилүү пайыздык облигациялар;
•    Чыгаруу формасы – документациясыз, эсептердеги жазуулар түрүндө;
•    Чыгарылыштын мамлекеттик каттоо номери – KG 0206213017;
•    Бир облигацияны жайгаштыруунун баасы – 1 000 (бир миӊ) сом;
•    Чыгарылган облигациялардын саны – 97 798 (токсон жети миӊ жети жүз токсон сегиз) даана;
•    Облигацияларды айлантуу мезгили – 23.12.2020-жылдан баштап 23.12.2023-жылга чейин;
•    Облигацияларды төлөп кутулуу мезгили – 23.12.2023-жылдан баштап 29.12.2023-жылга чейин;
•    Облигацияларды төлөп кутулуу формасы – акча каражаттары;
•    Бир баалуу кагазды төлөп кутулуу баасы – облигациянын номиналдуу наркы – 1 000 (бир миӊ) сом;
•    Пайыздарын төлөө “Салым Финанс” Микрофинансылык компаниясы ААКнун кеӊсесинде акча каражаттары менен жүзөгө ашырылат, дареги: Бишкек ш., Манас пр., 40/ Чүй пр., 164;
