Депозиттер "Салым" жана "Салым Плюс" - «Салым Финанс» МФК

Негизги пайдасы

load img

пайдалуу пайыздык чендер

load img

капиталдаштыруу мүмкүнчүлүгү

load img

депозиттер "Банктык аманаттарды коргоо жөнүндө" КР Мыйзамына ылайык корголот

load img

мөөнөтүнөн мурда толук же жарым-жартылай алуу мүмкүнчүлүгү

load img

депозитти толтуруу мүмкүнчүлүгү

load img

депозитти автоматтык түрдө узартуу

Шарттары

  Салым Салым Плюс
Депозиттин жана толуктоонун минималдуу суммасы 1000 сомдон // 20 АКШ долларынан баштап
Депозиттин максималдуу суммасы 50 000 000 сом же АКШ доллар эквиваленти менен. Эгерде максималдуу сумма ашып кетсе, Активдерди жана пассивдерди башкаруу комитети менен макулдашуу боюнча депозитти кабыл алууга болот.
Мөөнөтү 3 айдан 36 айга чейин
Пайыздарын төлөө Ар ай сайын же кардардын тандоосу боюнча башка мезгилдүүлүк менен
Жарым-жартылай алуу Бар Жок
Капиталдаштыруу Жок Кардардын арызы боюнча — квартал сайын
Толуктоо Жок Ооба, бирок депозиттин мөөнөтү бүткөнгө чейин 2 (эки) ай калганда суммасына кошумча төгүмдөрдү кабыл алуу токтотулат
Мөөнөтүнөн мурда жабуу Депозит 3 айдын ичинде мөөнөтүнөн мурда жабылса пайыздар төлөнбөйт, үч айдан ашса топтолгон жана капиталдаштырылган пайыздардын суммасынын 50% төлөнөт.

Пайыздык үстөк

Валюта сом
3-8 ай
10%
9-17 ай
16%
18-36 ай
16%
Валюта доллар АКШ
3-8 ай
2%
9-17 ай
4.5%
18-36 ай
6.0%

«Салым Финанс» МФК ААКнун кардарларынын аманаттары «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык корголгон

«Салым Финанс» МФК ААК – Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо тутумунун катышуучусу болуп саналат.

Аманат (депозит) “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык корголгон, ага ылайык кепилдиктик учур кирип келгенде, пайыздарын кошо жыйындысында 1 (бир) миллион сомдон ашпаган кенемте төлөө каралган.

Депозитти эсептөө

Депозиттин суммасы

Валюта

[[ selectedCurrency.name ]]

Депозиттин мөөнөтү

Процентная ставка

--
[[ error_msg ]]
[[ error_msg_month ]]
Бул эсептөө алдын-ала, так эсептөө үчүн, адиске кайрылыңыз.
Бардыгы

Депозиттин суммасы

[[ sum ]]

Ай сайынкы киреше

[[ monthly_pay ]]

Депозиттин мөөнөтү

[[ month ]] ай

Жалпы киреше

[[ total_sum ]]
Толук маалыматты көрсөтүү
Депозит деген эмне?

Депозит (салым) – бул Компания аманатчыдан келишимдик шарттарда алган улуттук жана чет элдик валютадагы акча каражаттарынын суммасы.

«Салым» жана «Салым Плюс» депозиттик өнүмдөрү бири биринен эмнеси менен айырмаланышат?

«Салым» депозиттик өнүмүндө жарым-жартылай алуу мүмкүнчүлүгү бар, бирок толуктоо мүмкүнчүлүгү жок, ал эми «Салым Плюс» депозиттик өнүмүндө толуктоо мүмкүнчүлүгү бар, ал эми жарым-жартылай алуу мүмкүнчүлүгү жок.

Эсептелген пайыздарды которуу менен жөнөтүүгө болобу?

Ооба, биздин Компаниябызда аманаттын пайыздарын жана негизги суммасын аманатчынын эсептешүү эсебине которуу каралган. Бул үчүн реквизиттерин көрсөтүү менен каражаттарды эсептешүү эсебине которууга өтүнмө калтыруу зарыл.

Депозиттерди кайтарып берүү кепилдигинин суммасы канча?

Кепилдиктүү учур кирип келгенде мамлекет тарабынан депозиттер боюнча пайыздарды кошкондо 1 000 000 сом төлөө кепилденет. Кепилдиктүү учур кирип келген учурда кепилдиктүү сумманы төлөө биздин Компаниядагы депозиттик эсептердин санына карабай, бир жолку иретте 1 000 000 сом суммасында жүргүзүлөт.

Эгерде төлөм терминалдары жана мобилдик банкингдер аркылуу толуктасак, каражаттар депозиттик эсепке канчалык ылдам түшүрүлөт?

"Megapay" терминалы аркылуу саат 16:00дөн кийин каражаттарды толуктаганда, Компаниянын «Операциялык күнүнө» каражаттарды түшүрүү кийинки күнү жүргүзүлөт.  Калган бардык мобилдик тиркемелер жана төлөм терминалдары үчүн саат 17:00дөн кийин каражаттарды толуктаганда, Компаниянын «Операциялык күнүнө» каражаттарды түшүрүү кийинки күнү жүргүзүлөт.

Аманатты 5 айга ачууну эсеп кылдым, капиталдаштырууну кандайча эсептейсиздер?

«Салым Плюс» аманатын ар квартал сайынкы капиталдаштыруу менен ачууга болот, алардын мөөнөттөрүн кварталдарга бөлүүгө болот, буга ылайык 4-5-7-8-10 айлык мөөнөттөгү аманаттар капиталдаштыруусу менен ачылбайт.

Эгерде «Салым Плюстун» аманатчысында жарым-жартылай алуу зарылдыгы келип чыкса, каражаттардын бир бөлүгүн алууга болобу?

«Салым Плюс» депозиттик өнүмүндө жарым-жартылай алуу мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, иштеп жаткан депозиттик келишимди жабууга, зарыл сумманы алууга жана калдыгына жаӊы депозиттик келишим түзүүгө болот.

Келишимди мөөнөтүнөн мурда үзүүдө пайыздар сакталабы?

Депозит 3 айдын ичинде мөөнөтүнөн мурда жабылса пайыздар төлөнбөйт, үч айдан ашса топтолгон жана капиталдаштырылган пайыздардын суммасынын 50% төлөнөт.

Депозитти толуктоонун ыкмалары

Өзгөчөлүктөрү

MBank Online

Elcart Mobile

Elsom

UMAI

Balance

QuickPay

Компаньон

FINCA

MegaPay

О!Деньги

Оңой

Керемет Банк

Дос-КредоБанк

Оптима Банк

Pay24

РСК Банк

Халык Банк

ᅠ ᅠ