Вопросы и ответы - «Салым Финанс» МФК

Вопросы и Ответы

Мен кантип кредитти төлөй/депозитти толуктай алам?
  • «Салым Финанс» МФК ААКнун кеңселеринин кассаларында биздин филиалдардын даректери боюнча: https://salymfinance.kg/kg/branch-network
  • Өнөктөш-банктардын кассаларында: https://salymfinance.kg/kg/payment-methods
  • Төлөм терминалдары, электрондук капчыктар жана мобилдик тиркемелер аркылуу:

Маанилүү: төлөгөндө кредиттин/депозиттин кодун – 8 санды киргизүү зарыл. Эгерде сиз кредиттин/депозиттин кодун унутуп калсаңыз же билбесеңиз, сураныч, кредит адисине байланышыңыз.

Маанилүү: жумуш күндөрү саат 17:00гө чейин терминалдар жана электронук капчыктар аркылуу жүргүзүлгөн кредиттерди төлөөлөр менен депозиттерди толуктоолор ушул күнү чегерилет. Жумуш күнү саат 17:00дөн кийин жүргүзүлгөн кредиттерди төлөөлөр менен депозиттерди толуктоолор кийинки күнү чегерилет.

Байланыш номери: +996 (555) 78 15 56

Мен терминалдар жана электрондук капчыктар аркылуу АКШ долларындагы кредитти төлөй/АКШ долларындагы депозитти толуктай аламбы жана кандай алмашуу курсу боюнча?

Ооба, болот. Төлөө учуруна карата аныкталган Компаниянын учурдагы курсу боюнча кредитти төлөй/депозитти толуктай аласыз (https://salymfinance.kg).