18-мартта Глобалдык акча жумалыгы башталды (Global Money Week) 🌐 - «Салым Финанс» МФК
Март 18, 2024

18-мартта Глобалдык акча жумалыгы башталды (Global Money Week) 🌐

Global Money Week – бул балдар жана жаштар арасында финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча эл аралык өнөктүк. Жумалык дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүндө өтүүдө.
Бул жылы Global Money Week бизди жаңы урааны менен шыктандырууда: «Акчаңды коргой бил – келечегиңди камсыз кыл».
     Глобалдык акча жумалыгынын алкагында «Салым Финанс» МФК А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун студенттери үчүн финансылык сабаттуулук боюнча кызыктуу жана мазмундуу лекция өткөрдү. Иш-чара жаштар арасында каржыны туура башкаруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, финансылык пландаштыруу жөндөмүн жана акчага болгон жоопкерчиликтүү мамилени калыптандыруу максатында уюштурулду.
     Эксперттерибиз акчаны башкаруунун сырлары менен бөлүшүп, бюджетти түзүүнүн маанисине көңүл буруп, студенттерди кызыктырган бардык суроолорго жооп беришти .
Кыйла керектүү билимди алгандан кийин студенттер квиз оюнуна катышып, татыктуу сыйлыктарын алышты.
Лекцияга катышкан ар бир студентке активдүүлүгү үчүн ыраазыбыз! Лекциядан алган билим аларга финансылык процесстерди тереңирээк түшүнүп, келечекте туура чечимдерди кабыл алууга жардам берет деп ишенебиз.