«Салым Финанс» ААК Микрофинансылык компаниясы катталган пайыздык облигациялардын жетинчи чыгарылышын демилгелейт - «Салым Финанс» МФК
Янв. 30, 2024

«Салым Финанс» ААК Микрофинансылык компаниясы катталган пайыздык облигациялардын жетинчи чыгарылышын демилгелейт

«Салым Финанс» Микрофинансылык компаниясы ААК  (Бишкек ш., Манас пр., 40) катталган пайыздык облигациялардын жетинчи чыгарылышын демилгелейт:

  • Мамлекеттик каттоо номери: KG 0207213016;
  • Облигациялардын саны: 100 000 нуска;
  • Бир облигациянын жайгаштыруу баасы - 1 000 сом;
  • Кирешелүүлүгү – жылдык 18,50 %;
  • Облигацияларды жайгаштыруунун башталган күнү – 2024-жылдын 7-февралы;
  • Облигацияларды жүгүртүү мөөнөтү – 36 ай;
  • Баалуу кагаздарды каттоонун күнү – 2024-жылдын 26-январы.

Чыгарылыштын андеррайтери – “СЕНТИ” ФК ЖЧК (КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу ФБЖКМКнын лицензиясы №172, 173) аркылуу, Бишкек ш., Чүй пр. 219, 9-кабат дареги боюнча ачык сунуштун шарттары жана эмиссиянын проспекти менен таанышууга, ошондой эле облигацияларды сатып алууга болот.

Телефондору: 0 559 61-00-25, 0 700 61-00-25, 0 312 61-00-25 

Кыйла кененирээк маалымат www.salymfinance.kg, www.senti.kg сайттарында

Катталган пайыздык облигациялар Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансылык базарды жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы (Бишкек ш., Чүй пр., 114) тарабынан катталган жана Кыргыз Республикасынын Баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине 2024-жылдын 26-январында киргизилген.