"Салым Финанс" МФК ААКсынын туруктуу өсүшү жана экинчи IPO пайдалуу инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү ачууда - «Салым Финанс» МФК
Авг. 15, 2023

"Салым Финанс" МФК ААКсынын туруктуу өсүшү жана экинчи IPO пайдалуу инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү ачууда

"Салым Финанс" микрофинансылык компаниясы ААК Кыргыз фондулук биржасында өзүнүн экинчи жолу акцияларды ачык жайгаштырууну (пиар) өткөрүүдө. Артыкчылыктуу акцияларды ачык жайгаштыруу пландаштырылып жаткан 75 млн. сом көлөмүндө белгиленген, бул кеңири коомчулукка компаниянын акционери болууга мүмкүндүк берет.


IPO "Салым Финанс" МФК ААК үчүн өзүнүн капиталдык базасын чыңдоо жана андан ары финансылык туруктуулукка жана өнүгүүгө көмөк көрсөтүү каражаты катары кызмат кылат. Акцияларды кызыкдар тараптарга сунуштоо менен, компания өзүнүн уставдык капиталын көбөйтүүгө жана инвесторлордун базасын кеңейтүүгө умтулат.


"Биз баардык каалоочуларды Салым Финанс  МФК ААКсынын” акционери болууга чакырабыз. Алар биздин натыйжалуулуктун көрсөткүчтөрүн, эмиссиянын параметрлерин изилдей алышат жана Эгер кызыкдар болсо, биздин компаниянын акцияларын сатып ала алышат", — деп билдирди "Салым Финанс "МФК ААК башкармалыгынын төрагасы Мирлан Кулов.
"Салым Финанс" МФК ААКсынын казыналык башкармалыгынын башчысы Салтанат Кудайбердиева компания 75 миң артыкчылыктуу акцияны номиналдуу наркы 1 миң сомдон чыгарууну пландап жатканын айтты. Бир акцияга кепилденген киреше жылына 190 сомду же жылына 19% ды түзөт. 


"Артыкчылыктуу акциялардын ээлери дивиденддерди алууга, акционерлердин жалпы чогулушуна катышууга, акцияларды башка адамдарга өткөрүп берүүгө, сатууга же мураска калтырууга укуктуу болот", — деп түшүндүрдү Кудайбердиева.
МФК "Салым Финанс" ААКы — ата мекендик микрофинансылык компания, насыя портфелинин көлөмү боюнча микрофинансылык рыноктун лидерлеринин бири. Атаандаштык сапаттарга ээ жана калк арасында жакшы таанылууга ээ болгон компания Кыргызстандын бардык региондорунда иштейт, 33 кеңсеси бар жана 25 миңден ашык кардарларын тейлейт.
Азыркы учурда "Салым Финанс" МФК ААКсы 6 миллиард сомдон ашык активдерге жана 5 миллиард сомдон ашык насыя портфелге ээ.


Мирлан Кулов акыркы он жылда активдери 29 эсеге көбөйгөн Компаниянын оң өсүшүн баса белгиледи. Белгилей кетсек, ошол эле мезгилде "Салым Финанс" МФК ААКсынын кредиттик рыногун камтуу 7 эсеге өскөн, ал эми мөөнөттүү депозиттер рыногун камтуу боюнча компаниянын үлүшү 4% дан ашыкты түзгөн. Башкарманын төрагасы компаниянын ийгилигин атаандаштыкка жөндөмдүү деп түшүндүрдү.


Акыркы беш жылдын ичинде "Салым Финанс" МФК ААКсынын штаты үч эсеге көбөйүп, азыркы учурда компаниянын жетишкендиктеринде маанилүү ролду ойногон, өз ишине берилген 250дөн ашуун адистер эмгектенет. 
"Компаниянын пландары биздин мыкты командабыз болбосо ишке ашмак эмес. Биздин ишибиздин ийгилиги көп жагынан "Салым Финанста"иштеген адамдардан көз каранды. Биздин кызматкерлер абдан лоялдуу жана кардарларга багытталган", — деп баса белгиледи адам ресурстары башкармалыгынын жетекчиси, "Салым Финанс" МФК ААК башкармалыгынын мүчөсү Гүлзат Исмаилова.


Артыкчылыктуу акцияларды II жолку чыгаруу аркылуу "Салым Финанс" МФК ААК өзүнүн келечектеги демилгелерин колдоо жана алдыңкы ата мекендик микрофинансылык компания катары өз позициясын сактап калуу үчүн коомчулуктун катышуусун пайдалануу менен акционерлердин кеңири чөйрөсүн тартууга умтулат.


"Салым Финанс" МФК ААКсынын акцияларынын алдыдагы ачык жайгаштырылышы инвесторлорго тез өнүгүп жаткан микрофинансылык компаниянын акционерлери болууга мүмкүнчүлүк берет. Сатып алуу үчүн минималдуу пакет компания тарабынан 25 акция өлчөмүндө белгиленет.


Белгилей кетсек, 2020-жылы "Салым Финанс" МФК ААКсы өзүнүн биринчи акцияларынын алкагында он күндүн ичинде акциялардын жарыяланган бардык көлөмүн фондулук рынокко жайгаштырган. Андан кийин компанияга 47 жаңы акционерлер кошулду.


"Салым Финанс" МФК ААКсынын динамикалуу өсүшү, кардарлардын кеңири базасы жана оң финансылык көрсөткүчтөрү компанияны туруктуу жана кирешелүү мүмкүнчүлүк издеген жеке адамдар жана уюмдар үчүн жагымдуу инвестициялык келечекке айлантат. Компания өз ишин кеңейтүүнү жана жоопкерчиликтүү каржы саясатын карманууну улантууда, потенциалдуу акционерлерге анын ийгилик тарыхынын бир бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгү ачылат.