Туруктуу өнүгүү

Миссиясы:

Кардарлардын ишмердүүлүгүн колдоо жана өнүктүрүү жана калктын жыргалчылык деӊгээлин жакшыртуу үчүн финансалык шарттарды түзүү.

Баалуулуктар

Доступность
Жеткиликтүүлүк
«Салым Финанс» МФКсы филиалдардын тармагын жана өнүмдөр боюнча оптималдуу шарттарды сунуштап, өзүнүн бардык кардарларына жеткиликтүү болууга аракеттенет.
Справедливость
Адилеттүүлүк
Компания сунушталган өнүмдөр менен кызмат көрсөтүүлөргө баалар атаанчыл болуусуна жана ашыкча наркка ээ болбоосуна, ал эми тартылган фонддор боюнча коюмдар жол берилген чектерден ашпоосуна көз салат.
Честность
Чынчылдык
«Салым Финанс» МФКсы кардарларга карап чыгуу жана чечим кабыл алуу үчүн жетиштүү убакыт берип, өзүнүн өнүмдөрү жана кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө маалыматты толук ачууну камсыздайт.
Уважение
Сыйчылдык
Компания алардын жынысына, терисинин түсүнө, расасына, ишенимине ж.б.у.с. карабай, өзүнүн бардык кардарларына бирдей мамиле кылат, мында ар бир кардарга жекече мамилени жүзөгө ашырат.
Профессионализм
Кесипкөйлүк
Компаниянын миссиясын жана баалуулуктарын, ошондой эле өз кардарлары менен узак мөөнөттүү мамилелерди түзүү саясатын жетекчиликке алып. «Салым Финанс» МФКнын кызматчылары ар бир кардарды жогорку деӊгээлде тейлешет жана кызмат көрсөтүү иштеп жаткан учурда байланышты колдоого алышат.

Социалдык жоопкерчилик

«Салым Финанс» МФКсы коомду, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жана аны курчап турган чөйрөнү коргоого өз салымын кошуучу социалдык жоопкерчиликтүү микрофинасалык уюм катары турумду ээлейт. Бул үчүн «Салым Финанс» МФКсы өзүнүн алдына төмөнкү социалдык максаттарды коёт: чакан, орто жана агро бизнестин ишкерлерин каржылоо аркылуу жумуш орундарын түзүү жана калктын жумуштуулугун көбөйтүү; айыл тургундарына, аялдарга жана банктык кызмат көрсөтүүлөргө жетүүсү чектелген калктын бөлүгүнө финансалык  кызматтарды көрсөтүү; турак-жайдын, ошондой эле ар кыл кубатты үнөмдөөчү долбоорлордун курулушун финансалоо; кардарлардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн туура баалоо, алардын ишмердүүлүгүнө өз убагында байкоо жүргүзүү жана кризистик кырдаалдарда жооп кылуу, ошондой эле ишмердүүлүгү түз же кыйыр түрдө айлана-чөйрөгө жана/же жалпы эле коомго зыян келтирген кардарларды финансалоону  чектөө аркылуу жоопкерчиликтүү кредиттелүү; өзүнүн кызматчыларына адилеттүү жана чынчыл мамиле кылуу жана алардын иштөөсү менен кесиптик өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү аркылуу ишенимдүү жумуш берүүчүнүн имиджин түзүү.

Кардарды коргоо принциптери

«Салым Финанс» МФКсы өзүнүн ишмердүүлүгүндө акыл-эстүү микрофинансылоонун негизи катары кардарларды коргоо принциптерин карманат. Биздин компанияга кайрылган кардарлар, сапаттуу жана жеткиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү алууга эсеп кыла алышат.

предоставление продуктов, соответствующих нуждам и возможностям клиентов

кардарлардын муктаждыктары менен мүмкүнчүлүктөрүнө шайкеш келген өнүмдөрдү берүү

справедливое и уважительное отношение к клиентам, недопущение дискриминаций ни в каком виде

кардарларга адилеттүү жана сыйлуу мамиле кылуу, кандай гана түрдө болбосун басмырлоого жол бербөө

предупреждение чрезмерной задолженности клиентов

кардарлардын ашыкча карыз болуусунун алдын алуу

конфиденциальность данных клиентов

кардарлардын маалыматтарынын жашыруундугу

ответственное ценообразование

жоопкерчиликтүү баа түзүү

справедливые механизмы рассмотрения и разрешения жалоб

даттанууларды кароонун жана чечүүнүн адилеттүү механизмдери

прозрачность

ачыктык